23/01/2026
ОсОО «Риха» компаниясынын расмий билдирүүсү.
ОсОО «Риха» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат мейкиндигинде жаралган суроолорго байланыштуу,кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүздү жана коомчулукту учурдагы абал тууралуу расмий түрдө маалымдоону маанилүү деп эсептейбиз.
ОсОО «Риха» Кыргыз Республикасынын ички рыногунда 30 жылдан ашуун убакыттан бери иш алып барып, мыйзамдардын талаптарын жана тармактык нормаларды так сактоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компаниянын жашоосунда болуп жаткан процесстерге кайдыгер болбой, көңүл буруп жаткан бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз.
2026-жылдын 21-январында ОсОО «Риха» компаниясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Талкуунун жыйынтыгында тараптар компаниянын ишмердүүлүгү лицензиялоого жана аккредитациялоого эмес, белгиленген тартипте сертификациялоого гана тийиш экендиги боюнча бир пикирге келишти. Учурда Компания аккредитацияланган органдар аркылуу тиешелүү сертификаттарды жаңылоо процессинен өтүп жатат.
Жаралган кырдаалды жөнгө салууга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, ошондой эле кесипкөй жана салмактуу позициясын билдирген Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Бүгүнкү күндө кырдаал толугу менен оң жагына чечилди. ОсОО «Риха» компаниясынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрүнө карата дооматтары жок жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү багытында мындан ары да ишкердик жана жемиштүү кызматташтыкка үмүт артабыз.
Компания кадимки режимде ишин улантып, продукциянын сапатынын туруктуулугун камсыз кылып, керектөөчүлөр жана өнөктөштөр алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарууну улантат.